DOLON MEDIA

МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ

(02.12.2022) Нарын шаары жана Нарын районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 5782 жаран каттоодо турат. Алар дайым мамлекеттин камкордугунда болуп, быйыл социалдык жөлөкпулдардын санын эки эсеге көбөйттү.
“Быйыл майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Өлкө башчынын демилгеси менен майыптыгы бар жарандарга социалдык төлөмдөрдүн алды 100 пайызга чейин көбөйдү. Алсак, мурун бала чагынан майыптыгы барларга 18 жашка чейин 6 миң төлөнүп келсе, учурда 12 миң сом алышууда. Ал эми республика боюнча бийик тоолуу район катары эң жогорку чектеги социалдык жөлөкпул бизге берилди. Мисалы, Кара-Кужур өрөөнүндө 12300 сомдон 13200 сомго чейин төлөнүп жатат. Мындан сырткары быйылкы жылы алардын ден соолугун чыңдоодо снаторийлерге 78,5 миллион сом курорттук жолдомолор берилди. Буга чейин коляска менен камсыздоодон аксап келсек, быйыл бул маселе дагы жакшы жолго коюлду”,-деди Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мамбетказиев.
Мындан сырткары үйүнөн тейленген жалгыз бой кары жана майыптыгы бар жарандарга жыл сайын жергиликтүү бийликтин демилгеси менен каражат бөлүнүп көмүр отунунан жардамдар берилип келет. Учрда 132 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр аталган башкармалыктын көзөмөлү астында таратылып берилди.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.