DOLON MEDIA

Асылбеков: Каражатыбыз жана техниларыбыз жок

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга жаңы түзүлгөн “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр казууга даярдыгы канчалык деңгээлде, учурда эмне иштер аткарылып жатат жана башка суроолор менен  “Ак-Талаа көмүр” ишканасынын жетекчиси Жаныбек Асылбеков менен маектештик.

Алгач, “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга мамлекеттик ишкана түзүлгөндүгү кабарланган. Жаңы түзүлгөн ишкана тууралуу айтсаңыз?

Асылбеков: Калкты өз убагында көмүр отуну менен камсыз кылуу иштеринде көйгөй жаралып келгендиги ырас. Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрында Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү №544 – токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында атайын көмүр казуучу ишкана түзүү иштери башталган. Ишкананы түзүүгө, тийиштүү документтерин бүткөрүү жана лицензия алуу, инвесторлорду табуу жана башка донордук уюмдарга, фонддорго долбоорлорду даярдоо жана башка бардык тийиштүү кагаздарды бүткөрүү милдети жүктөлгөн.

Учурда эмне иштер аткарылды? Ишкана түзүлдүбү?

Асылбеков: Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыккан күндөн тарта ишкананын уставы даярдалып, тийиштүү документтердин топтомун даярдап, облустук юстиция башкармалыгына кайрылуу кылып, 2022-жылдын 14-декабрында “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы деген юридикалык жак болуп таанылып, расмий күбөлүк алдык. Ишкананын атайын мөөрү, штамптарын, титилдук баракчаларын, банктык алыш-бериш эсебин ачтырып жана башка ушул сыяктуу алгачкы тийиштүү иштерди бүткөрдүк. Ошону менен “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан “Турук” көмүр кенинде тийиштүү тилкенин координаттарын көрсөтүп казууга жана ошол аймактын айланасына чалгындоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, талап кылынган документтердин топтомун даярдап, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл     министрлигине №1-лицензия берүүнү өтүнүп кайрылуу кат бердик. Ал кат министрлик тарабынан каралып, тиешелүү башка министрликтер менен макулдашылып, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кароосуна жиберилген. Ошону менен 2023-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №34-Т тескемеси чыкты. Ал тескемеде биз көрсөткөн координаттарга карата жер казынасын пайдалануу укугу берилди. Биз ошол тескеменин негизинде тийиштүү кагаздарды даярдап, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш    ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл     министрлигине №1-лицензия берүүнү өтүнүп кайрылуу кат жолдодук. Ошентип 2023-жылдын 13-февралында казып иштетүү жана геологиялык чалгындоо максатында №1-лицензиялык макулдашууну колубузга алдык.

Алдыда дагы кандай иштер калды?

Асылбеков: Азыр ошол лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн талаптар бар. Алар, рекультивациялык эсеп ачуу, Кыргызгипроземден тийиштүү справка алуу, БОНУС, СУЛдарды төлөө, техникалык долбоорун даярдоо, көмүрдүн корун чыгаруу жана тийиштүү тараптардан эксперттик корутундуларды алуу, Ак-Чий аймагынын айылдык кеңешинен токтом чыгартуу, келишимдерди түзүү жана жашыл китеп алуу жана дагы ушул сыяктуу  иштери көрсөтүлгөн. Учурда, ушул иштерди тез арада бүткөрүп, баардык документтердин топтомун даярдап бүтүп, анан №2-лицензияны алууга кайрадан кайрылуубуз керек.


№2-лицензияны алмайын биз мыйзамдуу көмүр каза албайбыз. Муну тез арада бүткөрүү милдети турат. Мындан соң Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине №2-лицензияны берүүнү өтүнүп кайрылуубуз керек. Ушундан кийин гана көмүр казып, элди көмүр отуну менен камсыздоого жол берилет. Нарын жергесине кыш бат эле кирип келет. Убакыт тар. Ошол себептүү жумуштарды ыкчам аткаруу талабы турат. Буюрса, азыр суралчу документтер дээрлик бүтүп калды. Бирок, техникалык долбоор даярдоонун баасы аябай кымбат болуп жатат. Ишкана жаңы түзүлгөнүнө байланыштуу ишкананын каражаты жок болуп,  тийиштүү тараптарга кайрылып жатабыз.

Жакшысы ииешелүү иш-кагаздарын четинен бүткөрүп жатыптырсыңар. Бирок, ишкананын акчасы болбосо, көмүр казууга техникалары болбосо… акыры көмүр казыш керек да. Бул жагы кандай болот?

Асылбеков: Азыр ишкана жаңы түзүлгөнүнө байланыштуу бизде техникаларыбыз, бюджетте каражатыбыз жок. Бирок, бир жолун тапканга аракет кылбай койгон жокпуз. Азыр тоо-кен тармагында колдончу жакшы бир экскаватордун баасы 20 млн сомдон өйдө турат. Ишканага кеминде 1 экскаватор, 1 погрузчик жана жок дегенде 2 оор жүк ташуучу унаа керек. Жогоруда аталган техникалардын жалпы болжолдуу наркы 35 млн сом экен. Андан сырткары, атайын фирмалар тарабынан жасалчу техникалык долбоордун наркы 600 миң сомдон жогору болот экен. Тактап айтканда, алгачкы капиталга бир топ каражат керек болот. Бүгүнкү күндө документтерди даярдоо менен бирге төлөмдөрдүн баасын эсептеп, жардыруу,  техникалардын баасын, алгачкы капиталдын  наркын эсептеп долбоор жазып алып тийиштүү фонддорго, донордук уюмдарга жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондуна дагы техникаларды алуу боюнча 1 жарым ай мурун бизнес план жазып тапшырдык. Азырынча ал жактан жооп жок болуп турат. Ошондой эле техникаларды алууга башка донордук уюмдарды издештирип жатабыз.

Бардык документтер бүтүп, техникалар же инвесторлор табылып калган шартта, келечектеги пландар кандай?

Асылбеков: Эгерде, жогорудагы орчундуу маселелер чечилип калган шартта көмүр казып элди жана бюджеттик мекеме-ишканалады көмүр отуну менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, ишкананын пайдасынан түшкөн каражатка райондун аярлуу катмарларына колдоолорду көрсөтүү, райондун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына жана киреше алып келчү жумуш орундарын түзүүчү долбоорлорду колдоого алуу максатында атайын жобо иштеп чыгып, колдоого алабыз деген жакшы ниеттерибиз камтылган. Кудай буюрса план боюнча 15  адамдын тегерегинде жаңы  жумуш орундары түзүлмөк.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.