DOLON MEDIA

Day: June 7, 2024

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, быйылкы Курман айт 16-июнда белгиленет. “7-июнь – жума күн Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь – ишемби күнү арапа, 16-июнь – жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп жазылган муфтияттын маалыматында. Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык …

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет Толугу менен »

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга карата козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ишке байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кылмыш иши козголгон жаранга толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жиберип, кыргызстандык жаранга …

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду Толугу менен »

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды

16-январда кармалып, камакка алынган 11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Мындай …

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды Толугу менен »

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги …

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты Толугу менен »

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин …

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду Толугу менен »