DOLON MEDIA

Day: April 8, 2023

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян

Бүгүн, 9-апрель күнү райондогу мекеме кызматкерлери чогулуп  Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий  жана күн батышындагы Босого  тилкелерин таштандыдан арылтышты. Мындан бир топ  жыл мурда  алма бактын көчөттөрү отургузулуп, кийин  ээн талаага айланган Кара-Чий аймагы таштанды талаага айланган. Ал тилкеде ит-мышыктын, малдын  териси, өлүгү, желим баштык, бөтөлкө толуп кеткен. Мындан сырткары  оттун күлү, малдын кыгы, …

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян Толугу менен »

Нарын: Жан-Булакта бактар кыйылууда

Айыл өкмөт башчысы Улан Бозгунчиевдин айтымында,  АРИС тин жардамы менен таза суу киргизилет аны менен катар айылдын башкы планы боюнча жолдор кеңейтилет. Ошондуктан экологдордун уруксаты менен айыл боюнча 1600 бак кыйылат. Ал эми “Жашыл Мурас”  улуттук өнөктүктүн алкагында  алкагында 85 бак отургузулду.

Жумгал районунда аким жок

Бир айдан бери Жумгал районунда аким жок. Буга чейинки аким Жамшит Матанбаев эки жылга чукул иштеген. Ал  үстүбүздөгү жылдын март айында жер амнистиясын жакшы жүргүзбөгөн жана башка бир катар көрсөткүчтөр төмөн деп баа берилип жумуштан кеткен. Ага чейин иштеген аким Залкар Бозбалаев  алты ай иштеген соң аттестациядан кулап калган. Жумгал районунда чоң көмүр кени Кара-Кече, …

Жумгал районунда аким жок Толугу менен »

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди

20 дан ашык күүлөрү бар искусство илимдеринин кандидаты, залкар комузчу Руслан Жумабаевдин элесин унутпоо үчүн Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде класс ачылып, эми комузчунун күүлөрүн окуучуларга үйрөтүп башташат. Мектепте окуган 220 баланын 102си комузга келишет деген мектеп директору Жанарбек Абдуразаков Руслан Жумабаев эгемендүү Кыргызстандагы залкар күүчү, комузчулардын сап башында турат деген пикирин билдирди. …

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди Толугу менен »

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал

Бул жөнүндө Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев билдирди. Шаардык кеңештин 5 чакырылыштагы депутаттары 2023-жылдын 14-мартында кабыл алган чечим менен  Нарын шаарынын ички жолун тейлеген маршруттук таксилерге баардык жүргүнчүлөр  үчүн 10 сомго тейлөөгө макулдук беришкен. Бирок буга айрым жашоочулар терс пикирилерин билдиришкен. «Элетробустар келгенде кайра тариф каралат»-дейт шаардык кеңештин төрагасы А. Молдосалиев. Анын айтымында, …

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал Толугу менен »

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду

СССР дин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган «Бакен» спектакль Нарын академиялык музыкалык театрынын көркөм кеңеши тарабынан жактырылды. Драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» драмасынын негизинде даярдалган спектаклдын режиссеру Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студенти Гаухар Ажигулова, ассистенти КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Мадемилов. Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, режиссер –студент алгачкы эмгегин  теңиртоолуктарга  7-апрель күнү …

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду Толугу менен »