DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян


Бүгүн, 9-апрель күнү райондогу мекеме кызматкерлери чогулуп  Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий  жана күн батышындагы Босого  тилкелерин таштандыдан арылтышты.

Мындан бир топ  жыл мурда  алма бактын көчөттөрү отургузулуп, кийин  ээн талаага айланган Кара-Чий аймагы таштанды талаага айланган. Ал тилкеде ит-мышыктын, малдын  териси, өлүгү, желим баштык, бөтөлкө толуп кеткен. Мындан сырткары  оттун күлү, малдын кыгы, курулуш калдыктары тоо болуп үйүлгөн.

“Бул ээн талаага таштандыны көбүнчө түнкүсүн унаага жүктөп келип төгүп кетишет. Шамал болгондо бардыгын айылды көздөй учурат. Мал тоскону же айдаганы барган балдар дал ошол таштандыны аралап өтүшөт,  чукулап ойногону бар. Аларга таштандыдан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бербейт.Ошондуктан таштанды чогулткандын, чыгаргандын дагы маданиятын билсек”,- дешет  ал жакка жакын жашагандар .

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.