DOLON MEDIA

Зомбулук көрсөткөн 62 жаран административдик жазага тартылган

Нарын шаарында ушул жылдын  11 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 79 учуру катталган. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Мааткеримовдун айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга караганда он учурга аз.

“Бул  КР Укук бузууларды  алдын алуунун негиздери жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн  жергиликтүү бийлик органдары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер органдары, социалдык кызматкерлер сыяктуу 17 субьектинин биргеликте иш алып баруусунун натыйжасы”,-дейт ал.

Зомбулукка кабылгандардын бардыгына коргоо ордерлери берилген жана 62 жаран административдик жазага тартылган. Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция алкагында бир катар алдын алуу иштери жүрүп, соцкызматкерлер тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жана зомбулук көрсөткөндөрдү өз-өзүнчө окутуп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Негизинен үй-бүлөлүк зомбулуктар ичкиликтин айынан келип чыгат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.