DOLON MEDIA

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы?

Мындан он жылдай мурун интернет айдыңында кыргыз тилиндеги кызыктуу сайттарды табуу машакаттуу иш эле. Ошондо менде кыргыз окурмандарына жардам иретинде кыргызча сайттардын каталогун түзсөмбү деген ой пайда болуп, аракет көрө баштаган элем. Учурдагы бул сайтымдагы каталог ошонун негизинде жасалган. Аны ондоп жаткандагы бир кейиштүү ачылышым менен бөлүшөйүн дедим.

Илгери каталогду түзүп жатканда кытайлык кыргыздардын көп сандагы сайттары мен үчүн чоң ачылыш болгон. Ал тууралуу 2012-жылы жазганым бар. Алардын дээрлик баардыгы кытайлык кыргыздар колдонгон араб графикасындагы сайттар эле. Бирок алардын арасында 1-2 сайт кирилл графикасындагы сайттар да бар болчу, башкача айтканда араб графикасын билбеген бизге да жеткиликтүү эле. Аталыштары да кулакка эң жагымдуу угулчу:

“Кутман”,

“Кыргызым”,

Manas,

“Касаба конушу”,

“Касаба тор жайыты”,

“Манас”,

“Көкжал талкуусу”,

“Айкөл талкуусу”,

“Умтул сайты”,

“Ак дил талкуусу”,

“Тоолук талкуусу”,

“Боз салкы сайты”,

“Элес талкуусу”,

“Дилбирик”,

“Кош жылдыз”,

KG2000,

“Урабас”,

China Radio International,

“Кыздар”,

Kasaba super filim,

“Сапар сайты”,

“Кеменгер”,

“Бабалак”,

“Талпын”,

“Жаштар”,

“Касаба тор желелери”,

“Касаба көрмөканасы”,

“Бозокана конушу”,

“Касаба ыр-күү жайыты”,

“Кыргызсың”,

ж.б.д.у.с.

Менин баамымда, ал кезде сайттарын ачкан кытайлык кыргыздар  интернетти, сайттарды жасоо кызматтарды, программаларды бизге караганда жакшыраак билишчү. Сайттардын санынан, жасалгасынан ушунлдай тыянакка келсе болот эле. Ал эмес “Көкжал” сайтында кыргыз тилиндеги жазууларды араб графикасынан кирилл графикасына жана тескери оодарууга мүмкүндүк берген онлайн конвертор кызматы да бар болчу.

Ошол жылдары кытайлык кыргыздар менен адабий байланыштар да жакшырып, айрым кытайлык кыргыз акын-жазуучулардын (Бады уулу Курманалы, Валий кызы Гүлзия, Орозо уулу ЖумалыАди уулу Толкун) чыгармаларын  “Кыргыз маданият борборуна” жарыялаган болчумун. Ошол эле кезде кытайлык кыргыздардын сайттарынан кыргыз акын-жазуучулардын көптөгөн чыгармаларын, акыркы адабий жана маданий жанылыктарды табууга болот эле…

Жакында көптөн бери каралбай калган каталогумду жаңыртып жатып, андагы кытайлык кыргыздардын сайттарынын дээрлик бардыгы азыр иштебей калганын байкадым. UCOZдун негизинде жасалган жана кирилл графикасы колдонулган бир гана “Касаба тор жайыты” сайты жеткиликтүү экенин таптым. Бирок ал дагы көп жылдан бери жаңыланбаптыр.

Эмне болду? Мени ушул маселе түйшөлтүүдө?

Бул учурдагы кытайлык расмий бийликтин Синьцязын-Уйгур автономдук районунда жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуубу? Же башка дагы себептер барбы?

Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарды кытайлык кыргыздар жакшы билерин көп укканбыз. Ошол эле кезде биз кытайлык кыргыз боордошторубуздун жашоосу тууралуу анчалык кабардар эмеспиз. Коомдук, саясий жашоо түшүнүктүү. Эки башка өлкөбүз. Бирок маданият, анын ичинде адабият өзгөчө эч кандай чекти билбейт. Баарыбыз бир тилде сүйлөйбүз. Теңир-Тоонун эки тарабындагы элдин адабияты жалпы Кыргыз адабиятынын энчиси. Кандай чыгармалар жаралып жатат, кандай табылгалар бар? Билбейбиз. Кытайлык кыргыздардын сайттары аздан болсо бул тууралуу кабар берип турар эле.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.