DOLON MEDIA

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү

16-октябрда Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында Калык Акиев атындагы орто мектептин 225 орундуу жаны имараты бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл ала баштады. Курулуш иштери республикалык бюджеттен 57 млн сомго каржыланды, Буга чейин окуучулар авариялык абалдагы эски мектепте окуп келишкен. Мектептин ачылыш аземине КР ЖКнин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Калдаров жана башка адамдар катышты. Андан сон аталган райондо жайгашкан Байзак айылында 120 орундуу бала бакчанын пайдубалы түптөлдү. Анын каражаты да республикалык бюджеттен каралып 94 млн сомдун айланасында. Аземге катышкан айыл эли бала бакчанын имаратын убагында бүткөрүп берүүнү өтүнүштү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.