DOLON MEDIA

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар 16-октябрдан бери Нарын облусунун аймагында шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жеринде көрүп жүрүшөт. Кече алар Кочкор, Нарын, Жумгал райондорунда болушса, бүгүн 17-октябрда Нарын шаарында болушту. Нарын шаарындагы авариялык мектептердин бири №10 Жапар Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын көрүштү. Мектеп мурдакы дүкөндүн имаратында жайгашкан, балдардын сыйымдуулугу 350 балага ылайыкталса, учурда 1096 окуучу билим алууда. Төрага 550 орунду мектептин курулушун республикалык бюджетке киргизүүнү убада кылды.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн авариялык абалын көргөн эл өкүлдөрү бул көйгөй да колго алынаарын билдиришти. Андан сырткары мугалимдер менен врачтардын айлыгын көтөрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалашты. Төрага баштаган эл өкүлдөрүнүн сапары Ак-Талаа районунда уланат. Төраганы нарындык депутаттар коштоп жүрүшөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.