DOLON MEDIA

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.Жолугушууда эки тараптын делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришти.

Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу жана болгон маселелерди чечүү тапшырылды.”Делегация башчылары эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын тездетүүдө 2-октябрда кол коюлган №44 протоколдун маансин белгилеп, анын шарттарын так аткарууга даярдыгын билдиришти”, деп жазылган маалыматта.Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган. Азырынча протоколдун мазмуну ачыктала элек.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.