DOLON MEDIA

Кочкор:Мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Кочкор районунда 5 мамлекеттик кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Райондун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 9 айында жалпы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 19 кызматтык жана коррупциялык кылмыш иши козголуп, 5 кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган.  Мамлекетке 20 млн. 335 миң 732 сомдук зыян кайтарылды.

 

Кочкор районунун прокуратурасынын демилгеси менен Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата Кочкор районундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол өткөрүлүп, коррупциянын пайда болушунун жана анын кесепеттери терең түшүндүрүлдү.

 

Ошондой эле, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчыларынын, адистеринин жана жер адистеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Нарын областы боюнча өкүлчүлү менен биргеликте онлайн кеңешме өткөрүлүп, анда жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупциялык элементтердин пайда болушу талкууланды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.