DOLON MEDIA

Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады. 22-октябрда Судьялар кеңешинин жыйыны өтүп, ушундай чечим кабыл алынганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Сатыевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапкан. Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламент макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат. Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын жазганы 9-октябрда белгилүү болгон. Ушул эле күнү Судьялар кеңеши анын арызын канааттандырган, аны кызматтан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Садыр Жапаровго жөнөткөн. Жогорку Кеңеш 10-октябрда анын кызматтан бошотулушун колдогон, эртеси президент Жапаров кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Ал 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон. Сатыев Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы октябрда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.