DOLON MEDIA

Нарында кышкы жылытуу мезгилине даярдык башталды

Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык мекемеси кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык  иштерин баштады. Мекеме 2025-2026-күз-кыш жылытуу мезгилине карата оңдоо иштери менен кошо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук тутумуна  кошуу иштерин алып барышууда. Ремонт иштери үчүн 24 миллион сом бөлүнөт. Бул каражатка 11 мекеме, 9 көп  кабаттуу үй , 88 батир жылуулук  тутумуна кошулат. Ошондой эле электр …

Нарында кышкы жылытуу мезгилине даярдык башталды Толугу менен »

Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт

Ушул жылдын 20-июнунда Жумгал районунда  “Мурас” фестивалы өтөт. Фестиваль  “Улуттук нарк”, “Улуттук-дем-дүйнөлүк бийиктик”  уңгужолунун максаттарын ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, бир катар маданий иш-чаралар менен коштолот. Алсак,  улуу муундун  маданий мурасын, акылмандыгын коомго жайылтуу менен улуттук ыр-күүлөрдү, элдик көркөм өнөрдү  муундан-муунга өткөрүүнү максат кылган “Шайыр апалар” жана  “Өнөр”,  кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү болгон көлдөлөң жасоо ыкмасын …

Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт Толугу менен »

Курман айт намазы мечиттерде окулат

6-июнь-Курман айт майрамы деп белгиленди. 5-июнь арапа күнү. 6-июнь күнү айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Айт намазы саат 07:30да башталып, жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Кыргызстанда Курман айт майрамы жума күнгө туура келгендиктен, ишемби жана жекшемби күндөрүн кошкондо 3 күн катары менен эс алуу. Курман …

Курман айт намазы мечиттерде окулат Толугу менен »

“Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында “Бир максат, бир багыт- уңгу жол жана аялдардын биримдиги” деген темада облустук алкакта форум өттү. Форум президенттин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу Жарлыгы алкагында уюштурулуп, ага КР Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары …

“Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу Толугу менен »

“Үч миң жыл бою кыргыздын түшүнө кирбеген бийиктиктерди жараттык”,-А.Койчиев

Нарын облусу кыргыз улутунун улут болуп уюп калышына салым кошкон ыйык жерлердин бири. Бул тууралуу пикирин КР Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев “Бир максат, бир багыт- уңгу жол жана аялдардын биримдиги” деген форумда билдирди. Ал, Эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө зор эмгек жумшаган мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун “Менин улутумдун аты тарыхта чоң тамагалар менен жазылып калууга …

“Үч миң жыл бою кыргыздын түшүнө кирбеген бийиктиктерди жараттык”,-А.Койчиев Толугу менен »

Нарын шаарында 5.5 миллион евролук долбоор башталды

Нарын шаарынын чыгыш жана батыш аймактарында 7 миңдей үй саркынды суу тутумуна кошулат. Бүл үчүн калаада “Суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоорунун  экинчи этабы башталды. Нарын шаардык мэриясынан кабарлагандай, жети миңдей үйдү саркынды суу тутумуна кошуу менен келечекте тутумга кошулуучу калктуу аймактар дагы кеңейтилет.  Долбоор калаадагы  экологиялык жана санитардык шарттарды жакшыртууга багытталып, …

Нарын шаарында 5.5 миллион евролук долбоор башталды Толугу менен »

Бүтүрүүчүлөр аллея белек кылышты

Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр билим уяга “Бүтүрүүчүлөр аллеясын” белек кылышты. Бул долбоор мектеп жамааты жана бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен ишке ашкан. Аллея-бүтүрүүчүлөрдүн мектепке болгон ыраазычылыгын чагылдырып, мектептин көркүн ачып, келечек муундарды шыктандыруучу жай болуп калат. Аталган билим уядан 11-классты 32 окуучу бүтүрсө,  9-классты 86 окуучу ийгиликтүү аяктады.

Нарында 140 мектеп бүтүрүүчүлөрүн узатты

2024-2025-окуу жылында Нарын облусу боюнча 11-классты 4 миң 128 окуучу аяктаса, 9-классты 5 мин 696 окуучу бүтүрдү. Бүгүн, 26-майда  дубандагы  140 жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылынын жыйынтыкталышына карата «Акыркы конгуроо» салтанаттары  өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде коопсуздук эрежелерин сактоо менен уюштурулду. Окуучулардын жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында облустук ички иштер …

Нарында 140 мектеп бүтүрүүчүлөрүн узатты Толугу менен »

Кочкордо изделип жаткан кыз табылды

Кочкор районунда дайынсыз жок болуп изделип жаткан 16 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички ищтер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Нарында биринчи жолу “Балет менен жолугушуу”

Бүгүн, 13-майда Нарын шаарында  биринчи жолу СССРдин  эл артисти Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы “Балет менен жолугушуу” деп аталган концерт беришти. Ошондой эле окуу жайга 2025-2026-окуу жылына балдарды кабыл алуусун Нарын шаарында өткөрдү. Ага аталган окуу жайда билим алган 60тан ашык окуучулар жана студенттер катышып, дүйнөлүк жана кыргыз классиктеринин музыкаларына бий өнөрлөрүн тартуулашты. …

Нарында биринчи жолу “Балет менен жолугушуу” Толугу менен »