16 жаштагы кыз изделүүдө
Кочкор районунда алты күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 12-май күнү райондук ички ишер бөлүмүнө Төлөк айылынын тургуну “7-май күнү саат болжол менен 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызым Эркинбекова Айжамал үйдөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат, кызымды …









