Журналист Нарын Айып дүйнө салды
Белгилүү журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды. Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы, “Res Publiсa” эркин гезити, “Кабар” …