DOLON MEDIA

Түрмөдөгү Эрнис Жээнтаевге энесин акыркы сапарга узатууга уруксат берилди

Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына Эрнис Жээнтаевди апасы менен коштошуусуна шарт түзүп берүүгө тапшырма берилди. Бул маалыматты АКИ press агенттиги өз булактарыа таянып жазып чыкты. Президент Садыр Жапаров Эрнис Жээнтаевге андай өкүм чыкканыны билбегендиги айтылат. Эскерте кетчү жагдай гезит дизайнери Э. Жээнтаев  Фейсбуктагы баракчасындагы жеке пикирлери үчүн иш козголуп өткөн жылдын этегинде кармалып, ушул …

Түрмөдөгү Эрнис Жээнтаевге энесин акыркы сапарга узатууга уруксат берилди Толугу менен »

Президент ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койду

Президент Садыр Жапаров ишкер корккон абалда, басым-кысым алдында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 27-февралда Ынтымак ордодо өтүп жаткан кеңешмеде билдирди. Ошону менен катар укук коргоо органдарына кайрылып, ак ниети менен иштеген жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптуу корголушу керектигин эскертти. “Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык …

Президент ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койду Толугу менен »

“Ынтымак Ордодо” Президенттин катышуусу менен республикалык кеңешме болот

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жазды. Жыйынга Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустардагы өкүлдөр, мэрлер жана акимдер катышат. МинКаб 2025-жылы ар тармакта аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Республикалык кеңешмеге Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу …

“Ынтымак Ордодо” Президенттин катышуусу менен республикалык кеңешме болот Толугу менен »

Жеке пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралууда

Бишкекте эркин гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы (Фейсбук) пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин туугандары президент Садыр Жапаровдон ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүгө көмөктөшүүнү суранып жатышат. Э.Жээнтаевдин апасы 27-февралга караган түнү узак оорудан улам көз жумду. Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев президенттен агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга …

Жеке пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралууда Толугу менен »

Жоханн Харинин социалдык медианын зыяны тууралуу китеби кыргыз тилинде чыкты

Бул тууралуу Азаттыктын медиасы кабарлады. Кыргызстанда “Уурдалган көңүл: Чачыранды ойду кантип топтойбуз?” китеби жарык көрдү. Харинин эмгегин “Китепстан” басма үйү чыгарды. Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев китеп убактысынын көбүн социалдык медиага уурдатып, ою чачыранды болуп, тынчсыздануу менен күн кечирип жаткандарга колдонмо курал болорун белгиледи. Британ-швейцар журналисти, публицист, замандын орчундуу көйгөлөрү тууралуу бир канча китептердин …

Жоханн Харинин социалдык медианын зыяны тууралуу китеби кыргыз тилинде чыкты Толугу менен »

БШК байкоочуларды аккредатциядан өткөрүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, БШК бүгүн 12-ноябрда 170 эл аралык байкоочуга аккреддитация берди. Алар 30-ноябрда өлкөбүздө өтө туруучу КР Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда боло турган депутаттык шайлоого байкоо салышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык, эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясы; Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы; Беларус Республикасынын Борбордук …

БШК байкоочуларды аккредатциядан өткөрүүдө Толугу менен »

Саякатчылар 40 чакырм жолду басып өтүштү  

“Gallops Кыргызстан- 2025” долбоорунун алкагында Жумгал районунун Кызарт  айылынан чыккан 80 саякатчы Сөң-Көл жайлоосуна чейинки 40 чакырым жолду ийгиликтүү  басып өтүп, Сөң-Көл көлүнө  келишти. Жолдо бир нече тыныгуулар жана эс алуулар уюштурулду. Европа мамлекетинен келген туристтер үчүн Сөң-Көл  жээгинде улуттук ат оюндары уюштурулуп, алар, кыз куумай, тыйын экмей жана Көк-Бөрү оюндарына күбө болушту. Ошондой эле …

Саякатчылар 40 чакырм жолду басып өтүштү   Толугу менен »

Ат-Башы: “Кыргыз шырдагы” 16-жолу өттү

28-29-июнь күндөрү Нарында салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы  Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Элдик  салттуу маданий  мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттуу билимдерди жандандыруу менен Кыргызстанды туризмдин  аймагына  айландыруу максатындагы эл аралык фестиваль быйыл 16- жолу болду. Эл аралык фестиваль “Кыргыз даамы” фестивалы жана “Хан Кошой” эл аралык  мелдеши менен коштолду.  

УКМК төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында  жыйын өткөрдү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын шаарына барып, жыйын өткөрдү. Аталган жыйынга КР Президентинин Иш башкармасынын жетекчиси К.Туманбаев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Нарын облусунун райондук, …

УКМК төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында  жыйын өткөрдү Толугу менен »

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө

Ушул жылдын 22-июнь күнү Нарын шаарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоо  коктуларынан түшкөн сел суулары  Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларды, көчөлөрдү каптаган.  Кыян суу 45 турак жайдын короолорун каптап,  дубалдарын кулаткан. Мунун ичинен эки үйгө кыян суу кирген. Суу каптаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган. Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө …

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө Толугу менен »