DOLON MEDIA

Парижде жумушчулардын иш таштоосунан улам Эйфел мунарасы жабылды

Шаршембиде Париждин негизги кооз жерлеринин бири болгон Эйфел мунарасы туристтер үчүн жабылды. Буга кызматкерлердин иш таштоосу себеп болду. Жумушчулар башкаруучу компанияны кирешеге гана кызыгып, мунараны техникалык жактан камсыздоого жана оңдоого жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айыпташууда. Иш таштоону уюштурган CGT кесиптик кошууну техникалык көйгөйлөргө көңүл бурулбаса, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылышына чейин мунара …

Парижде жумушчулардын иш таштоосунан улам Эйфел мунарасы жабылды Толугу менен »

“Экотон” долбоорунда студенттер экологияны жакшыртуу боюнча идеяларды сунушташты

Кыргызстанда биринчи жолу экология илимдеринин жана IT секторунун студенттери Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн туруктуу туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө  үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгууга 4-8-декабрда чогулушту. Чүй, Ош жана Нарын облустарынан келген 50дөн ашык катышуучулар төрт күн бою чакан жана орто бизнестин экопринциптерге өтүүсүнө дем берүү үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуунун үстүндө иштешти.  Нарындан …

“Экотон” долбоорунда студенттер экологияны жакшыртуу боюнча идеяларды сунушташты Толугу менен »

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча талкуу уланууда

Бишкек менен Ташкент Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун “каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын” талкуулоону улантууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын транспорт министри Ильхом Махкамовдун жолугушуусу боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жазылган. “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси тараптардын биргелешкен каржылоосу менен иштелип чыгып, быйыл июнь айында …

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча талкуу уланууда Толугу менен »

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-декабрда сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканалардын ишин текшерди. Атайын кызмат тараткан маалыматта күрөөкана ишмердиги боюнча мыйзамдын, лицензиялык докмументтер, күрөөгө койгон мүлктөр боюнча талаптардын аткарылышы жана каражат булактары текшерилди. Жыйынтыгында ломбарддын жетекчилери үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча милдеттенме алышты. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын …

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди Толугу менен »

Министр Аскарбек Жаныбеков кызматынан кетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри  А. Жаныбеков кызматтан кеткени белгилүү болду. Мындай жарлыкка Президент С. Жапаров кол койгону айтылууда. Аталган министрликтин милдетин эми Министрлер кабинетинин төрагасынын оун басары Бакыт Төрөбаев биге аткармай болду. Анын талапкерлиги КРнын Жогорку Кеңешине жакынкы күндөрү киргизилет.

Нарын облусунун айылдары техникаларды сатып алып жатышат

Мындай маалыматты Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Нарын облусундагы 27 ириелештирилген айыл өкмөттөрүн колдоо максатында КР Президенти С. Жапаров тарабынан ар бир айыл өкмөткө күзүндө ар бирине Нива үлгүсүндөгү автоунаа берилген. Аны менен катар айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү максатында 10 млн сомдон акча каражат берилген. Учурда бул акча каражаттарына айыл чарбасына керектүү оор …

Нарын облусунун айылдары техникаларды сатып алып жатышат Толугу менен »

Аба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 27-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 …

Аба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайт Толугу менен »

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынан өлкөдөгү күрөөканаларга “өзгөчө көңүл бурууну”  тапшырды. Бул тууралуу ал 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты. Ташиевдин айтымында, ломбарддар – 2023-жылдагы акыркы негизги тапшырмалардын бири. Ал күрөөканалардан карапайым калк жогорку пайыз менен насыя алып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калып жатканын белгиледи. …

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды Толугу менен »

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө

25-декабрда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн президенттери Владимир Путиндин чакыруусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келишти. Маалыматтарга караганда, дүйшөмбү күнү Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары интеграциялык жараяндарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда …

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө Толугу менен »

Аба ырайы: жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 26-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн …

Аба ырайы: жаан, кар жаайт Толугу менен »