DOLON MEDIA

Кочкор районунун мурдагы акими каза болду, ал үй камагына чыккан

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков узакка созулган оорудан каза болду.  Мындай маалыматты жакындары 28-декабрда билдиришти. Кочкор районунун мурдагы акими, бир ай мурда камакка алынган Бишкектеги “Ак-Суу” базарынын ээси Курманбек Байтереков 67 жаш курагында ооруканада көз жумду. Анын жакындарынын “Азаттыкка” ырасташынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камалып турган Байтереков бир нече күн мурун ооруканага которулуп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Курманбек Байтерековдун сөөгү 29-декабрда Бишкекке коюлары кабарланды. Маалыматтарда ал кант диабетинен жабыркап жүрчү.

Байтереков 30-ноябрда Кылмыш кодексинин 159-беренеси (сойкулукка тартуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

УКМК ишкердин өлүмү боюнча маалымат бере элек.

К. Байтереков 2005-2007-жылдары Кочкор районунда аким болуп иштеген. Ал өткөн жылы Кыргызстанга түштүк кореялык Atomy компаниясын чакырган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.