DOLON MEDIA

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча талкуу уланууда

Бишкек менен Ташкент Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун “каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын” талкуулоону улантууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын транспорт министри Ильхом Махкамовдун жолугушуусу боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жазылган.

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси тараптардын биргелешкен каржылоосу менен иштелип чыгып, быйыл июнь айында жактырылган. Учурда тараптар темир жолдун курулушун каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын талкуулоодо”, – деп жазылган билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын 15-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда билдирген.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, долбоордун болжолдуу баасы 4,7 миллиард долларды түзөт. Темир жолдун Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган бөлүгү 311 чакырымга жетет.

Буга чейин экономист Искендер Шаршеев аз эмес каражатты талап кылган бул долбоорго инвестор табуу кыйынга турарын айткан. Ал Кытай долбоорду толук каржылоого даяр экенин, бирок Бээжин Кыргызстан менен Өзбекстанга катаал шарттарды коёрун белгилеген.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга былтыр сентябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.