DOLON MEDIA

“Экотон” долбоорунда студенттер экологияны жакшыртуу боюнча идеяларды сунушташты

Кыргызстанда биринчи жолу экология илимдеринин жана IT секторунун студенттери Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн туруктуу туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө  үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгууга 4-8-декабрда чогулушту. Чүй, Ош жана Нарын облустарынан келген 50дөн ашык катышуучулар төрт күн бою чакан жана орто бизнестин экопринциптерге өтүүсүнө дем берүү үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуунун үстүндө иштешти.  Нарындан студенттер Айжан Жекшенова жана Фархатбек Мусаевдер катышты. Экотондо да сунушталган төмөндөгүдөй идеяларды болду. “EcoUnion>” коммуналдык төлөмдөрдү өз алдынча көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү тиркеме, “Торнадо” командасы жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча маалымат берүүчү телеграмма боту, “4 Climate” командасы экологияга жооп берген ишканалардын тизмесин камтыган веб-сайт, экологиялык талаптар, экологиялык уюмдарды жана ыктыярчыларды бириктирген “Жашыл” Ой” командасы OK сайты, “Green Hack” командасы – кайра иштетилген кийимдер базары, “Up Cycling” командасы – авариялык сенсорлор жана мониторинг үчүн мобилдик тиркеме, “UstaSoft” командасы – экологиялык таза продуктыларды сатуучу интернет-дүкөн – ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продуктулары, “Enviro” командасы туристтерди туристтик кызматтар менен бириктирген веб-сайттарды түзүү идеялары көтөрүлдү

Бул иш-чара IDEA Central Asia тарабынан ишке ашырылып жаткан “Экология 3.0” долбоорунун жана Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасынын каржылык колдоосу менен PERETO долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.