Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.
Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып, өпкөнүн сезгенүүсү, астма,бронхит, алсыроо, баш оору, жүрөк-кан тамыр оорулары, бөйрөктүн жетишсиздиги, өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.
Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн өтө кооптуу. Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!