DOLON MEDIA

Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбү ичкиликтин айынан чыгат


Үстүбүздөгү жылдын  үч айында Нарын шаарында  27 үй-бүлөлүк зордук зомбулук учуру катталып, баарына коргоо ордери берилген. Анын ичинен жаш өспүрүмгө карата  психологиялык зомбулук жасалган бир учур бар. Ал бала “Аруу тилек” кризистик борборунда бир жума  баш калкалап, андан соң  Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын чечими менен кайра үй-бүлөсүнө кайтарылган.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Рыскелди Шайымбетовдун айтуусунда,  зордук зомбулук учурларынын 60 пайызы ичкиликтин айынан келип чыгат. Башкача айтканда үй-бүлө кожоюну мас болуп, өзүн башкара албай үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтөт.

“Анализдесек социалдык жактан оор турмушта жашаган  үй-бүлөлөрдө физикалык зордук зомбулук көп катталат. 27 учурдун 60 пайызы ичкиликтин айынан болгон. Милициянын аймактык  инспекторлору жана Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери зомбулук  жасаган адам менен жекече иш алып барышат. Мындан улам коргоо ордерлеринин талаптарын бузуп, кайталап зомбулук көрсөткөндөр болгон жок. Бул ички иштер органдарынын кызматкерлеринин түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы деп ойлоймун”,-деди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.