DOLON MEDIA

Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Батыш автобекети тараптагы иретсиз токтотулган унааларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган такси маршруту Батыш автобекетинин аймагында жайгашат. Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин «Бишкек автобекет» мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.
Ал эми эреже бузууларды каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.