Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол …

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди Толугу менен »