DOLON MEDIA

ТЕҢИРТООДО УЛУУ “МАНАС” БАЯНЫ ЖАҢЫРДЫ

(01/12/2022) М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрында манасчылардын республикалык фестивалы өттү.

Фестиваль манасчы Жаңыбай Кожековдун 150 жылдык мааракесин утурлай 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулду. Манасчы Нурбек Талантбековдун айтымында , буга чейин фестиваль өлкөнүн башка облустарында өткөрүлүп келди. Эми жыйынтыктоочу чоң маданий иш чара Баткен облусунда өтмөкчү.
Жаш муундарга Манастын 7 осуятын таанытуу, “Манас” эпосун жаштар арасында жайылтуу менен улуу “Манас” баяны аркылуу жаштарды коомдогу терс көрүнүштөрдөн оолактатып, мекенчилдикке, баатырдыкка тарбиялоо максатында Кыргыз улуттук “Манас” театры, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаардык Кеңеши жана “Көйкашка” коомдук фонду биргеликте уюштурушкан. Ага аталган театрдын манасчылары,төкмө акындары, дастанчылары, ырчылары болуп жалпы 30 дай чыгармачыл жамааты келип, теңиртоолуктарга руханий азык тартуулашып, улуттун улуу мурасы “Манас” эпосун даңазалашты.
Маданий иш чарага катышкан облус башчысынын орун басары Элмира Садыкова, кыргыз эли эзелтен башына мүшкүл түшкөндө “Манас” угуп сооронуп, ал эми жакшылык болсо “Манас” угуп канааттанышканын белгилеп, эпосту даңазалоо, анын улуулугун, касиетин элге, жаш муундарга сиңирүүдө натыйжалуу иштер жасалып жатканына токтолду. Ал белгилегендей, миңдеген жылдар бою ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп сакталып келген маданий мурас манасчылык өнөр дүйнө элин таңкалдырып келет. Ошондой эле манасчылык өнөрдүн учугу үзүлбөй бүгүнкү цивилизациялуу коомдо да улуу көчтү улап, белгилүү манасчыларыбыз улуу баян аркылуу элибиздин руханий көрөнгөсүн толтуруп келишет.
Фестивалда белгилүү манасчы Рысбай Исаковго Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”, Нурбек Талантбековго Нарын районунун жана Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылса, дагы бир катар манасчы, төкмө акын жана ырчыларга Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Кыргыз улуттук “Манас” театры акыркы эле бир жыл ичинде 10 өлкөгө барууга жетишкен. Мындан сырткары өлкөнүн 40 район борборлорунда ар кандай кароо-сынак, фестиваль сыяктуу маданий иш чараларды өткөрүшкөн.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.