Нарын шаарындагы Алма-Бак паркындагы куурап, эскирип, өсүүсү токтогон алма бактар кыйылып, тамырлары атайын техниканын жардамы менен тазаланып жатат. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, ордуна кайра эле алма, алмурут жана өрүк бактары отургузулат.
Мындан тышкары калаа боюнча быйыл 15 миң түп ар кандай бак-дарактардын, 10 миңден ашык ар кандай гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу мерчемделүүдө. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, гүлдөр улуттук оюу белгилери түшүрүлүп тигилүүдө.
Маалымат үчүн белгилесек, былтыркы жылы 10 миңдей ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү тигилип, алардын 90 пайызы өскөн.