DOLON MEDIA

Соттор – сахнада

Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун жамааты 21-ноябрда  «Айтматовдун каармандары кыргызга үлгү» аттуу иш-чара өткөрүштү. Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун быйылкы жылы белгиленип жаткан 95 жылдыгына байланыштуу, Кочкор районунда «Кыргыз тили жана Айтматовдун ааламы»  үч айлык жарыяланган.  Анын алкагында Кочкор райондук сотунун жамааты тарабынан өткөрүлдү. Кочкор райондук сотунун терагасынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Сарыбаевдин айтымында райондук соттун иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Иш чаранын жүрүшүндө соткызматкерлери тарабынан көрүүчүлөр менен Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган суроо жооптор уюштурулду. Кочкор райондук сотунун кызматкерлери, соттору Ч. Айтматовдун чыгармаларынан чакан сценкаларды өздөрү аткарып көрүүчүлөргө тартуулашты. Иш-чарага катышкан көрүүяүлөрдүн айрымдары бул иш чараны соттордун иш алып баруудагы өзгөчө ыкмасы катары жакшы баалашты.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.