DOLON MEDIA

Жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза катаалдашат


Кыргызстанда мындан ары жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн жаза чарасы катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көтөрүлөт. Бир жылдын ичинде үч жолу же андан көп жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлсө, мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылга айдоо укугунан ажыратылат, эгерде бир жыл ичинде кайра кайталанса үч жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылат. Жаңы эрежелер үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан баштап күчүнө кирет. Буга байланыштуу Нарын ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери тарабынан райондордогу жана Нарын шаарындагы автобекеттерде айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу маалыматты ЖККК бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча инспектору Жыргалбек Саяков билдирди.
“Эгерде айдоочуда айдоочулук күбөлүгү жок же такыр албаса мурда 5500 сом айып салынган болсо, эми айып 15000 сом көтөрүлдү, бирок 70 пайыз жеңилдетилген түрдө бир айлык мөөнөттө төлөсө болот.
Светофордун кызыл түсүнөн өтүп кетүү же тротуарда жүрүү – мурда 3000 сом болчу, эми 5000 миң болуп калат. Ал эми ылдамдыкты 40-60 км/сааттан ашкандар 7500, ылдамдык чегинен, башкача айтканда 60 км/саат же андан ашкандар, каршы тилкеге чыккандар 15000 сом өлчөмүндө айып тартышат. Автобейбаштык кылгандар да 15 миң сом айып пул менен жазаланат.
Эгерде айдоочу кырсыкка учурап, унаасын окуя болгон жерде калтырып кетсе, бирок анын иш-аракетинде кылмыш иши байкалбаса, алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузган айдоочулар (төмөнкү учурларда: мамлекеттик номери жок унаа башкарса, ылдамдыкты 40-60 км/сааттан ашыра, жөө адамдардын атайын белгиленген жерден өтүүсүнө жол бербеген, светофордун талаптарына баш ийбесе, жол кырсыктарын жасаса, мас абалдагы адамга унаасын айдатса) экзаменди кайра тапшырышат. Жасалма мамлекеттик номурлар менен унаа айдагандарга 20 миң сом айып салынат, эгер кайра кайталанса бир жылга айдоочулук укуктан ажыратылат”,-деди ал.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.