DOLON MEDIA

Нарындык Мадина Муратбекова Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты

Нарындык кыз Мадина Муратбекова Уфа шаарында өткөн Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Башкирия мамлекетинин Уфа шаарындагы «Торатау» конгресс-холлунда сулуулар сынагынын тандоо туру болуп өттү.

«Мисс Шериктештик» республикалык этникалык сулуулар жана таланттар конкурсуна жалпы 18 катышуучу катышып, алардын ичинен 7 финалист тандалып алынган.

Ал эми финалдык тур 21-апрель күнү болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.