DOLON MEDIA

Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйт

Президент Садыр Жапаров быйыл да жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын мамлекет башчынын иш графигине байланыштуу өтпөй турганын айтты.

“Коомчулуктагы маселелер алдыда өтө турган курултайда көтөрүлөт. Ага жалпыга маалымдоо каражаттары да чакырылат да. Жылдын аягында Министрлер кабинетинин жалпы жыйыны болот”, – деди Алагөзов. Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп суроолорго жооп берет.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.