DOLON MEDIA

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы Антониу Гутерриш Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтканын билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты карманарын жана 2030-жылга чейин дүйнөнүн эң мыкты 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө аракет кылып жатканын айтты. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады. Садыр Жапаров 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан “Келечек” саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстан “жашыл” экономикага өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.