DOLON MEDIA

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат кече мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт. Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан Айтмурзаев президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.Тышкы иштер министрлиги бир ай ичинде беш жылдыкты уюштуруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер Кабинетине сунушташы керек.  Былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган.

 

Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алган. БУУга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

 

Кыргызстанда 2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.