Нарын облусунун бийик тоолу аймактарына кар жаады. Негизги каттамдагы Долон ашуусунда жолго кум шагыл төгүү иштери 1 автогрейдер, 1 самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен жүрүүдө. Жайлоодон малчылар жакага түшө элегине байланыштуу Соӊ- Көл, Аксай, Арпа сыяктуу бийик тоолу жайыттардагы малчылардын абалы боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен иш алып барылууда. Атайын министрлик буга чейин 20-22-сентябрларда республика аймагында кар жаай тургандыгын эскерткен.
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2023/09/izobrazhenie-whatsapp-2023-09-22-v-14.10.34-1.jpg)