DOLON MEDIA

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документ жыйындын күн тартибине 5-маселе болуп киргизилген. Бирок 20-декабрда сессияда биринчи маселеге жылдырылды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилип жатканын” билдирди.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Тууну өзгөртүүгө каршы добуш бергендер:

  1. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)
  2. Сеидбек Атамбаев (Аламмүдүн округу)
  3. Дастан Бекешев (Октябрь округу)
  4. Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу)
  5. Медер Алиев («Ишеним»)
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.