DOLON MEDIA

Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп Сергей Вакунов дайындалды. Путиндин жарлыгы Кремлдин расмий сайтына жарыяланды. Орусиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Николай Удовиченконун элчилик миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдан бери элчи болуп иштеген. Жаңы дайындалган элчи Сергей Вакунов буга чейин Орусия Федерациясынын президентинин башкармалыгында Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча референт кызматында иштеген. Орусия – Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.