DOLON MEDIA

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады

2-октябрда Кочкор районунда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чон салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгын респубоикалык денгээлде белгиленди. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мааракеде кунан чабыш, жорго салуу жана аламан ат чабыш болду. Аламан байгеде биринчи болуп Каракыз аттуу күлүк келди, аттын ээси Н. Керимбеков, чабандес Дөөлөт Тополонбаев байгеге Бишкек шаарынан эки бөмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Экинчи күлүк Карегердин ээси Ш. Токтосартов, чабандес Манас Эгенбаев, буларга 500 мин сом, ал эми үчүнчү келген Караталдын эсси А. Аманов, чабандес Тариель Шүкүрбеков 300 мин сом менен сыйланышты. Сыйлыкты президент С. Жапаров өзү тапшырды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.