Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тартакан маалыматтарга караганда, бүгүн, 27-сентябрда күндүз Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
28-29-сентябрда түнкүсүн Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 даражага чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн кооптуу.