Нарын облусунда СПИД илдетинин биринчи учуру 2005-жылы табылган. Андан бери бул оору менен 297 бейтап катталып, 76сы каза болгон. Ал эми ушул жылдын 1-декабрына карата жаңы 26 учур табылган. Бул тууралуу Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору Айнагүл Бектурсунова билдирди.
Анын айтымында, 2005-жылдан бери катталган учурлардын 46сы бангизатын колдонгондор арасынан табылса, жыныстык жол аркылуу 234 адам жуктуруп алган. Ал эми 13 бейтаптын жугуу жолдору белгисиз болсо, беш учуру балдардын арасында катталган. Ооруну алып жүргөндөрдүн 65 пайызы эркектер болсо, 35 пайызы аялдар жана 30-45 жашка чейинкилер арасында көп катталууда.