DOLON MEDIA

Нарын шаарында 5.5 миллион евролук долбоор башталды

Нарын шаарынын чыгыш жана батыш аймактарында 7 миңдей үй саркынды суу тутумуна кошулат. Бүл үчүн калаада “Суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоорунун  экинчи этабы башталды.

Нарын шаардык мэриясынан кабарлагандай, жети миңдей үйдү саркынды суу тутумуна кошуу менен келечекте тутумга кошулуучу калктуу аймактар дагы кеңейтилет.  Долбоор калаадагы  экологиялык жана санитардык шарттарды жакшыртууга багытталып, саркынды сууларды тазалоо станциясын куруу менен суу түтүктөрүн орнотуу максаында ишке ашууда.

Долбоордун  алкагында чыгыш районунда агынды сууларды өткөрүүчү 5 808 метр система жана 351 метр басымдуу канализация, батыш районунда агынды сууларды өткөрүүчү 4 984 метр система жана 1 920 метр басымдуу канализация курулат. Эски  коллекторлорду реконструкциялоо, канализациялык насостук станцияларды куруу жана кайра калыбына келтирүү иштер аткарылат.

Долбоор наркы  5,5 миллион евро болсо мунун ичинен 3,5 млн евросу гранттык каржылоо болуп эсептелинет.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.