DOLON MEDIA

Нарын шаарында 340 окуучу “Манас” айтты


КР Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө  жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруу максатында өлкө аймагындагы  мектеп окуучулары жана бакча тарбиялануучулар  арасында  “Урааным Манас”  аттуу кароо-сынагы өтүп жатат.

Бүгүн, 2-май күнү сынак  Нарын шаарында өтүп, анда 340 окуучу хор менен Манас айтышты. Балдардын манас айтуу иш-чарасы  М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрында өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп, балдар бакчаларынын  башчылары, Кыргыз улуттук  “Манас” театрынын манасчы, төкмө акындары күбө болушту. Алар балдарга  манас окутуп, айттырып кыргыздын көөнөрбөс өчпөс тарыхын даңазалоо бала  тарбиясы үчүн көрүлгөн камкордук экенин белгилешип, өсүп келе жаткан жаш муун манасты угуп,  манастан үлгү алып, намыскөй, чынчыл, эрктүү, күчтүү, ыймандуу, айкөл жана билимдүүболуп өсүүсүнө тилкетерин жолдошту.

Кароо-сынактын максаты-улуттун улуу мурасы болгон “Манас” эпосун, анын  баалуулугун, философиясын жайылтуу. Жер-жерлерде “Манас”  ураанын жаныртуу менен келечек ээлеринин мекенчилдик сезимин ойготуу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.