Нарын шаардык мэриясы электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайты жарыяланды.
Порталдын маалыматы боюнча, тендерди Нарын шаардык мэриясы жарыялаган. Жалпы сметалык баасы 76 миллион сомду түзөт.
Бул суммага Нарын муниципалитети 250-300 чакырымга жете турган 5 электроавтобус алууну пландоодо. Ар бир унаада кеминде 17 жүргүнчү бата турган орундук болушу керек.
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын шаардык мэриясы Бишкек шаардык мэриясынан 500 миң сомго эски троллейбустан төрттү сатып алган.