2-мартта Нарын ОИИБ жетекчиси Жолболду Кочконов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык жаңы келген кадрларды өздүк курамга тааныштырды. Ал буйрукка ылайык Нарын облусттук ички иштер башкармылыгын башчысынын орун басарына милициянын подполковниги Максат Думанаев, ал эми тергөө кызматынын башчысына милициянын подполковниги Үмөталы Мусаев дайындалды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.



