DOLON MEDIA

Нарын облусунда Карылар күнү белгиленди

Нарын облусу боюнча 30 сентябрдан 2-октябрь күндөрү Карылар күнү белгиленди. Облус жетекчиси карыларды куттуктады. Район, шаарларда сый тамактар берилип, спорттук оюндар өттү.  Нарын шаарында борбордук аянтта карылардын кан басымы бекер текшерилип, муниципалдык мончого бекер түшүштү. Аны менен катар спорттун төрт түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Шахмат боюнча мелдешке эн кары 90 жаштагы аксакал А. Шерманбетов катышып баалуу белектерге ээ болсо, күйөрмандар арасында эн кары аксакал А. Жусупжановго да баалуу белек тапшырылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.