DOLON MEDIA

Акылбек Жапаров Нарында болуп, көмүр казуу иштери, кышка даярдык менен таанышты

Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардан сон 1-октябрда,  Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кесиминдеги  Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына таандык “Борбордук” участкасына барды. Ал жерден көмүр казуучулар менен кенешме өткөрдү. Көмүр казууда коопсуздук чараларын эске алуу менен, экологиялык –техникалык нормаларды сактоо керектигин белгилеген А. Жапаров көмүр казуу планга ылайык жүрүп жаткандыгын айтты. Аны менен катар көмүр кесимдеринде жүктүн бирдей болушу зарылдыгын, ал эми көмүрдүн баасы, республиканын баардык аймагында пропорционалдуу болушу керектигин белгиледи. Облус башчысы Алтынбек Эргешев облустагы социалдык объектилердин баарына көмүр тартылгандыгын билдирди. Жыйынтыгында кенешмеде каралган көмүрчүлөрдүн баардык көйгөйлөрү боюнча терен талдоону тапшырды Энергетика министрлигине тапшырды

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.