3-декабрь- Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз!” деп аталган акция алкагында майыптыгы бар жарандарга көңүл буруу иштери уланууда.
Алсак, Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек, Казан-Куйган, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал айылдарында иш-чара өтүп, майрамдык маанай тартууланды.
Бул үчүн айыл өкмөттүн казынасынан 60 миң сом бөлүнүп берилип, 105 ден соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген жарандарга белектер берилди.