Нарын облусунда бир нече адамды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын 8-ноябрында лалафо социалдык тармагына 50 баш тай 16 баш эркек кунандар сатылат деп жарыялап, 11-ноябрь күнү уюлдук номер аркылуу өзүн “Нурлан” деп тааныштырган адам чалып, тайларды 27000 сомдон, кунандарды 46000 сомдон, айгырды 90000 миң сомдон баалап,16-17-ноябрь күндөрү “Нурлан” аттуу адамдын малчысы “Нурбек” аттуу киши келип, жалпы 47 тай, 16 кунан, 1 айгырын жүктөп кеткен. Жалпы малдын баасы 2 950 000 сомду эки күндүн ичинде берем деп кеткен. Банк аркылуу 980 000 сомун которуп, калган 1 115 000 сомун ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей, азыркы күнгө чейин изин жашырып жүргөн.
“Натыйжада арыз ээси Т.Кга 1 115 000 сомдук олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган факт Нарын ОИИБне “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1989-жылы туулган Д.Н. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү Нарын шаарындагы №24 мекемесине камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо Нарын ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө (03522) 5-09-21, 0(700) 490-019 номерине же күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номуруна кайрылсаныздар болот.