DOLON MEDIA

Нарын: “Арашан” тегиндеги кочкорлордун көргөзмөсү өтөт


Нарын районунун Куланак айылында “Арашан” тегиндеги (породасындагы) кочкорлордун көргөзмөсү 2-майда өтөт. Уюштуруучулардын бири Куткелди Сыдыкмамытовдун айтымында, облустун 5 районунан катышуучуларын күтүп жатышат.

Көргөзмөнүн максаты-эт багытындагы асыл тукум койлорду көбөйтүү менен жайыттарды сактап калуу.

К.Сыдыкмамытов да аталган тектеги койлорду өстүрөт. Козусун быйыл 30 миңге саттым деген фермер эти кадимкидей эле таттуу болоорун билдирди.

Эске сала кетсек, Айыл чарба министрлиги 2021-жылы “Арашан” кочкорлорун атайын асыл тукум  реестрден өткөргөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.