DOLON MEDIA

Лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты

19-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучу тараптын өтүнүчү менен келген лингвист көрсөтмө берип, активисттин социалдык тармакка жарыялаган видеосундагы сөздөрүндө массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды көрбөгөнүн айтты. Адвокат Самат Матцаковдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, бүгүнкү жараянда тергөөчүнүн токтому менен чакырылган лингвист да көрсөтмө берери айтылган. Бирок ал эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жараянга келген эмес. “Бүгүн жарыш сөз башталышы керек эле. Бирок прокурор сот процессине башынан катышпаганын жүйө келтирип, жарыш сөзгө даяр эместигин айтып, мөөнөт сурады. Ошого байланыштуу кийинки сот жараяны 25-июнга белгиленди. Ал күнү жарыш сөз болот, өкүм да чыгышы ыктымал”, – деди Матцаков.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.