Кымбаттуу окурман, Кызыл китепти көрдүңүз беле? Жок кыймылсыз мүлккө эмес, сейрек кездешүүчү жан-жаныбар, өсүмдүктөр жазылган Кызыл китеп.
Кызыл китеп – жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу маалыматтарды камтып, аларды коргоонун өзгөчө тартибин аныктайт.
Өлкөбүздүн Кызыл китеби алгач 1985-жылы жарык көргөн. Бирок анын аталышы эле кыргызча болбосо ичиндеги материалдардын бардыгы орус тилинде болгон. Жалпысынан Кыргыз ССРинин Кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү жана түрчөлөрү, канаттуулардын 31 түрү жана түрчөлөрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3 түрү, балыктын 1 түрү, курт-кумурскалардын 16 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 65 түрү киргизилиши керек болчу. Бирок Кыргыз ССРинин Кызыл китебинин 1985-жылы жарык көргөн биринчи басылышына биринчи тизмедеги түрлөр гана киргизилген: сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү жана түрчөлөрү, канаттуулардын 20 түрү жана түрчөлөрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3 түрү, балыктын 2 түрү, курт-кумурскалардын 5 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 65 түрү.

Эл аралык жоболор боюнча Кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылып турушу керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка маселелерге деле көңүл бурууга өкмөттүн чама-чаркы жетчү эмес. Ошентип эгемен өлкөбүздүн Кызыл китеби 2005-жылы даярдалат. Кайрадан такталган жаңы тизмеге сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунун алдында турган козу карындардын 4 түрү, өсүмдүктөрдүн 83 түрү, жөргөмүштүн 1 түрү, курт-кумурскалардын 17 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүучүлөрдүн 8 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрүнүн тизмеси такталат.
Басылма, биринчи иретте, Кыргызстандын жаратылышынын сакталуусуна жооптуу мамлекеттик мекемелердин кызматчыларына, ошондой эле, экологдорго жана биологиялык ресурстарды колдонуучуларга арналган. Эгемен өлкөбүздүн Кызыл китеби 2005-жылы басмадан чыкмак болот. Бирок акча каражаттын тартыштыгынан улам акырында бул китеп үчүн БУУ алдындагы Токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп, 2007-жылы Кызыл китеп 500 нускада жарык көрөт. Мунун ичинен 28 китеп Кыргызстандын көрүнүктүү илимий ишмерлерине берилет. Калгандары республиканын китепканаларына жана окуу жайларына таркатылат.

Айлана-чөйрөнү коргоодо Кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо десек да болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын бардык жарандары сактоого милдеттүү. Бирок ал китепти окумак түгүл көрбөгөн муундар өсүп, кайсы жан-жаныбарды, өсүмдүктү, балыкты, курт-кумурсканы коргоо керектиги жөнүндө кабары жок. Ал эми өкмөттун 2016-жылдын 11-апрелинде чыккан №189 Токтомунун 15-беренесинде Кызыл китепке кире турган тизме 10 жылдан кем эмес убакытта бекитилип, 16-беренесинде басылма да 10 жылдан кем эмес убакытта басылып чыгыш керек деп жазылган.
Ошентип Кызыл китептин үчүнчү басылышы 2017-жылы болмок, бирок ошондон бери китеп чыга элек. Анын себебин сурап атайын министрликин басма сөз кызматына кайрылганыбыз менен бир жумадан ашык убактан бери жооп жок. Төмөнкү суроолор менен кайрылган элек:
1-суроо: Кызыл Китеп карапайым элге жеткиликтүүбү?
2-суроо: Элдик Кызыл Китеп даярдаса болобу? Экология менен катнашта болуу жаратылыш койнунда тамак ичүү, ойноо менен чектелбестен эстетикалык тарбия, экологиялык маданиятты өстүрүү эмеспи, мисалы карапайым калкка жеткилең болгон Кызыл китеп сыяктуу
3-суроо: Өкмөттүн токтомунда Кызыл китеп ар 10 жылда чыгып турушу каралган, неге токтом аткарылбай келет?
4-суроо: Министрликтин кызматкери 2024-жылдын май айынын башында Кызыл Китепке кирген 17 кундуз бар, бир баш кошулду деп маалымат берип жатса зоолог Аскар Давлетбеков “Азаттыкка” берген маегинде кундуз жок калды деп билдирди (16-февраль 2025-жыл). Кимге ишенсек болот, алардын бар-жогун ким аныктайт? Коруктарда дегеле корголуучу аймактарда адистер жетиштүүбү?
Эгер министрлик жооп берсе ал макаланы даярдоого, таркатууга даярбыз.
Улуттук Илимдер академиясынын Биология институтунун омурткалуу жаныбарлардын зоология лабораториясынын бөлүм башчысы биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбеков Кызыл китепти басып чыгаруу мезгилдин талабы жана карапайым калктын да Кызыл китеби болуш керек деген пикирде:
“Кызыл Китеп карапайым калкка жетиштүү болуп, ар бир үйдө турса жакшы болмок. Себеби, жаратылыш койнунда эс алуу деп биз ал жакка барып тамак ичкенди, ойногонду эле билебиз. Жаратылыш койнунда эс алуу кооздукка суктануу, суунун шарын тыңшоо, айлана-чөйрө менен таанышуу, балдарыңа тааныштыруу, дегеле эстетикалык ырахат алуу, тарбия алуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жогорулатуу болуп эсептелет. А бизде эмне көпчүлүктө беш бармактын айланасынан эле чыга албай жатпайбызбы. Мына мен өзүм деле бир жаныбар жөнүндө улуу муунга, өзүм курактууларга айтып берейин десем этин жесе болобу, пайдалуубу деп керектөөчулүк мамиле кылышат, андан башка экологияга, адамзаттын жашоосуна, келечек муунга, жаратылышка тийгизген пайдасын сурашпайт, ойлонушпайт. Эгер Кызыл китеп элге жеткиликтүү болуп, керек болсо ар бир үйдүн китеп текчесинде болсо, мектептерде, окуу жайларын тиешелүү факультеттеринде жок дегенде китепканалардын баардыгында болсо жакшы болмок. Жаш муун жакшы тарбияланып өсмөк, кече эле көрүп жүргөн курт кумурска, өсүмдүктөр, гүлдөр, жан-жаныбарлар таптакыр тукуму курут болуп жоголуп кетишкенин көрүшмөк да”.
А.Давлетбековдун айтымында азыр элдик Кызыл китепти даярдап чыгуу зарылчылыгы бар:
“Мен министрликке барып, келгиле, элдик Кызыл китеп түзөлүчү деп айттым. Ал жакка көбөйүп жаткан жан жаныбарлар менен жок болуучуларды да жазалычы деп айттым. Колдоо жок. Ошондой китеп болсо элде көп маалымат болмок да жаратылыш, экология боюнча. атайын министрлик бар го, алар жок дегенде брошюра, китепчелерди чыгарса, ролик тартса болот да. Негизи элдин экологияга болгон мамилесин жакшыртуу, коргоо үчүн агартуу иштерин жасаш керек.
Кызыл китепте кара тизме, жашыл тизме деген да болот. Мисалы, жакшы иш жасашты, жейрендерди алып келишти, аркарлардын саны көбөйүүдө, бул иш жашыл тизмеге кирип, жанакы жок болуп кеткен кундуз сяктуулар кара тизмеге кириш керек эле”.
А.Давлетбеков кундуз боюнча да ою менен бөлүштү:
“Өзүм 2007-2010-жылдары Чоң Алайдан көргөм. Андан кийинки изилдөөлөрүбүздө жолуктурган жокпуз. 2013-жылдары бир малчы көрдүм деген, бирок ал америка норкасы менен алмаштырып алышы ыктымал. Коруктарда, бардык эле корголгон аймактарда адистер жетишсиз, айрымдарын айрып тааный алышпайт, анан карапайым эл кайдан тааныйт. Элибиздин экологиялык маданиятын эстетикалык табиятын өстүрүү керек деп айтпадым беле. Мисалы, Өзбекстанда кундуздар эл жашаган жерде эле жашайт экен. Мына, көрдүнүзбү, а бизде жолбун иттер абдан көп. Нарында деле жолбун иттер көп, малчылар Аксай, Сыртта тайган багышат, бир эмес бир канча. Мына, ит-мышык жөнүндө мыйзам жок ар ким итин карайт эле да жапайы жан жаныбарларга кол салмак эмес”.
Эколог-эксперт Гамал Сооронкулов дагы Кызыл китеп боюнча маселенин көтөрүлүшү туура дейт.
“Элге Кызыл китеп жетпесе, же сайттарда сүрөтү чыкпаса, ким тааныйт аларды. Мисалы, биз дагы Влад Ушаков деген кесиптешим экөөбүз биологиялык ар-түрдүүлүк боюнча map.kg сайтын иштеп чыгып, кыргызчалаттык. Кыргыз тилиндеги биринчи сайт. Анын максаты деле – элге жеткирүү, Кыргызстандын экосистемасын сактоо. Анын аркасы менен эко туризимди жакшыртуу. Биздин жерге туристтер ушул чөптү, үшул жаныбарды көрөбүз сүрөткө тартабыз деп келсе сонун да. Туристтерти тоскон эл сабатсыз. Министрликте деле жакшы адистер жок. Мисалы, плакат чыгарышса тоо теке деп туруп жанына Кыргызстанда тартылбаган тоо текенин сүрөтүн коюп коюшат. Тилибиздин да байлыгы экосистемада абдан жакшы көрсөтүлгөн. Мисалы, бизде кабылан деп илбирстин эркегин айтса, аны леопард деп которуп алышат, ал ибиристин эле эркеги. Жайра, чүркөт, кирпи дешет бизде, а орус тилинде дикобраз деп эле коюшат. Биз өзгөчөлүгүбүздү да ала жүрүшүбүз керек”.
Кызыл китеп окумуштууларга гана эмес, ар бир карапайым кишинин ар бирине керек болуп калды. Экологияны коргоо мамлекеттин эле иши эмес, ар бир адамдын милдети.
2017-жылы чыгыш керек болгон, бирок 17 жылдан бери жарык көрө элек Кызыл китептин мааниси жана ал эмнеге керек деген темада маселе көтөрдүк. Жарандарыбыз экологиялык тараптан да укуктуу болуш керек жана милдетин да билиш зарыл. Ал үчүн агартуу иштери тынымсыз жүрүп айлана-чөйрөнү коргоо мектептен эле эмес, алгач үй-бүлөдөн, бала бакчадан мектептерден уланышы зарыл.
Ал эми 1985-жылы жарык көргөн Кызыл китеп райондук шаардык, облустук китепканаларда сакталуу болсо, 2007-жылы басмадан чыккан Кызыл китеп Нарын облусттук китепканасында жана облустагы өзгөчө корголуучу үч аймакта бирден нускада бар. Облустук китепканадагы кызыл китеп менен окурман акыркы жолу 2011-жылы таанышкан экен.
Жаркын Ибраева