DOLON MEDIA

Кызматташтык: Кыргыз-Кытай күч түзүмдөрү жолугушту


Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү ортосунда коомдук коопсуздукту алдын алуу иштери жанданат. Бул максатта КЭРдин  Синьцзян-Уйгу́р автономиялык районунун, Кызыл-Суу Кыргыз автономдук  округунун коомдук коопсуздук бюросунун эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Ду Юнь  айым баштаган өкүлдөрү  Нарында болушту. Аларды  облус башчысы Алтынбек Эргешов кабыл алды.

Жолугушууда  тараптар эки өлкөнүн күч түзүмдөрү ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, коомдук коопсуздук  сактоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле   терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, наркотикалык заттарды ташууга бөгөт коюу, мыйзамсыз миграцияны токтотууга карата чараларды көрүүдө биргелешкен  иштерди жүргүзүү тууралуу пикирлер ортого салынып, сунуштар айтылды. Мындан тышкары коопсуз туристтик маршруттарды уюштуруу, чек аралаш аймактардын коопсуздук маселелерин алдын алуу менен  эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө кызыктар экендиктерин билдиршти. Бул үчүн  биргелешкен машыгууларды жүргүзүү, тажрыйба алмашуу  натыйжалуу болоору айтылды.

Өз кезегинде Ду Юнь айым Нарын облусуна биринчи жолу келгенин, жаратылышы кооз экенин белгилеп, жылуу кабыл алган меймандостугу үчүн  ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын уланаа берээрине ишеничин билдирди.

Эске салсак, 2019-жылы кыргыз тараптын күч түзүмдөрү  Синьцзян-Уйгу́р автономиялык районунда жана  Кызыл-Суу Кыргыз автономдук  округунда  болушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүп,  алгачкы иштер башталган. Кийин пандемияга  байланыштуу иш  үзгүлтүккө учураган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.